16:15, 13 января 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргыстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын элчисине кыргыз жарандарына виза берүүнүн татаалдашып баратышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын дипломатиялык миссиясынын башчысы Лесли Вигери менен болгон жолугушууда билдирди.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ошондой эле тараптар 2026-жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында пландалып жаткан «В5+1» форумдун даярдыктары тууралуу сүйлөштү. Иш-чаранын уюштуруучулук жана мазмундук аспектилери, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда регионалдык диалогду чыңдоого жана кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон мааниси талкууланды.
АКШнын Кыргызстандын жарандарына B-1/B-2 категориядагы визаларды берүүдө кошумча талаптарды киргизүүсүнө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап жаңы талаптардын киргизилишине тынчсыздануусун билдирип, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, бул чаралар ишкерлер ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө тоскоолдук жаратарын белгиледи.
Өз кезегинде, АКШнын элчиси Лесли Вигери кошумча талаптар кандайдыр бир конкреттүү өлкөгө карата эмес, АКШнын миграциялык саясатынын алкагында жана визалык мыйзамдарды сактоо зарылдыгын эске алуу менен киргизилгенин белгиледи.
Тараптар визалык чөйрөдөгү учурдагы абалды жөнгө салууга багытталган өз ара кабыл алынуучу чечимдерди издөөгө тыгыз кызматташуу боюнча макулдашты.