Ишкерлер, юридикалык жана жеке жактар үчүн салык жеңилдиктери күчүнө кирди
15:16, 13 января 2026, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ишкерлерге, юридикалык жана жеке жактар үчүн бир катар жеңилдиктерди киргизүүнү караган бул мыйзам жыл жаңыргандан тарта күчүнө кирди.
Документ мамлекет башчысынын 2025-жылдын 5-декабрындагы «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Мыйзамда каралган жеңилдиктерге токтолсок:
- зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар үчүн кошумча нарк салыгы алынды;
- 2029-жылдын 1-январына чейин транспорт каражаттарын сатууда юридикалык жана жеке жактар салык төлөөдөн бошотулду;
- 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын кайра экспорттоо операцияларынан улам келип чыккан жеке жактардын салыктык карызын эсептен чыгаруу каралган;
- ишканалар тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорттук каражаттарды, ошондой эле аларга комплекттелген буюмдарды сатуудан салык төлөөдөн бошотуу каралган;
- 2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль өнөр жайында иштеген кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысынан алынуучу киреше салыгынын минималдуу өлчөмүн 1 пайыз өлчөмүндө жана тигүү жана текстиль өнөр жайынын бардык субъекттери үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкалары белгиленген;
- мүлкүн ижарага берген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы жеке ишкерлер үчүн белгиленген ставкага барабар, башкача айтканда, орточо айлык акынын кыскартылган суммасынын 6%ы өлчөмүндө белгиленген;
- Кыргызстандын аймагынан тышкаркы ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү (учурда 1 пайыздык ставка);
- чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлгөн транзакцияга салыктын ставкасы 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү (учурда 0,2 пайыздык ставка);
- баалуу металлдан жасалган зер буюмдарынын мурда импорттолгон же өндүрүлгөн калдыктарын 2 айдын ичинде легалдаштыруу, легалдашуу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө мораторий киргизүү каралган;
- алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия берүү алып салынды;
- арбитраждык соттордун карамагынан салыктык талаштарды кароо алып салынды.
Белгилей кетсек, мыйзамды 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алынган болчу.