14:06, 13 января 2026, Бишкек - 24.kg
Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, ӨКМ жарандарды электр чубалгыларынан, жарнамалык калкандардан, дарактардан алыс болууну эскертти.
Кандайдыр бир кырсыкка кабылсаңыз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.