ИИМдин атын жамынган алдамчылар Бишкекте кармалды

11:20, 13 января 2026, Бишкек - 24.kg

Фото ИИМдин басма сөз кызматы. ИИМдин атын жамынган алдамчылар Бишкекте кармалды

Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин атын жамынган алдамчылар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башында жаран К.А. министрликтин Ички иликтөө кызматына анын акчасын алдамчылык менен алган адамдарды жазалоо өтүнүчү менен кайрылган.

Арызында өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, алдоо жолу менен 10 миң доллар алып, тергелип жаткан кылмыш ишин «оң жагына чечип беребиз» деп убада кылган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин аткарбай, акча каражатын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.

Аталган факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган С. А. жана 1976-жылы туулган С. М. аттуу жарандар кармалган. Ал эми дагы бир шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1982-жылы туулган А.А. мурда соттолгону жана учурда башка алдамчылык фактысы боюнча УКМК тарабынан камакта экени белгилүү болду.

Иликтөө иштери улантылууда.