Соңку суткада өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды

10:36, 13 января 2026, Бишкек - 24.kg

Акыркы суткада өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында — 5;
  • Ош шаарында — 1;
  • Нарын облусунда — 2;
  • Ысык-Көл облусунда — 1;
  • Чүй облусунда — 2;
  • Жалал-Абад облусунда — 3;
  • Ош облусунда — 2.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 21 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.