10:09, 13 января 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргыз Республикасынын Гандбол федерациясы Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөсү болду. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Башкы Ассамблеясынын жыйынында кабыл алынды.
Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев 2025-жылы улуттук курама командалардын эл аралык мелдештерге катышуусу боюнча отчет берди.
Комитеттин мүчөлөрү ошондой эле 2024-жылга аудиттин жыйынтыктарын бекитишти.