08:30, 13 января 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандыктар эски үлгүдөгү туруктуу айдоочулук күбөлүктөрүн акысыз алмаштырат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жарандар күбөлүктөрүн 15-январдан 15-февралга чейин акысыз алмаштырса болот
«Айдоочулук күбөлүк боюнча суроолор көп болуп жаткандыктан кыскача маалымат берейин. Декабрь айында айтылгандай эле, президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 15-январынан 15-февралына чейин эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. Ошондуктан убакытты өткөрбөй, азыртадан барып алмаштырып алыңыздар», — деп белгиледи ал.
Эскерте кетсек, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 2025-жылдын ноябрында бериле баштаган. Туруктуу күбөлүктөрдү жаңыларына Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте алмаштырууга болот.