Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга канча каражат жумшалаары айтылды

09:16, 12 января 2026, Бишкек - 24.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 1-6-сентябрь күндөрү жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өтөт. Бул тууралуу журналисттерге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, бул маанилүү спорттук иш-чараны президент Садыр Жапаров жеке өзү көзөмөлдөп жатат. Ал эми жумушчу топту президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жетектейт.

«Көчмөндөр оюндарынын ачылышы ШКУнун саммити жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө туш келет. Ошондуктан, бул иш-чарага чоң көңүл бурулууда», — деп түшүндүрдү аткаминер.

Маданият министрлиги оюндарды уюштурууга 500 миллион сомдон ашык каражат жумшоону пландаштырууда.

 «Көчмөндөр оюндары салттуу түрдө Ысык-Көлдө өтөт. Ар дайымкыдай эле, этникалык айыл курулуп, ипподромдо ат оюндары өткөрүлөт. Ошондой эле, биз Өрнөк айылындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборун пайдалангыбыз келет, мындан тышкары Рух Ордо дагы катышат», — деди Мирбек Мамбеталиев.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн коноктордун келиши күтүлүүдө.

 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул эл аралык этникалык спорттук мелдештер. Аларга Борбордук Азиянын тарыхый көчмөн элдеринин оюндары кирет.