12:26, 02 января 2026, Бишкек - 24.kg
Узак дем алыш жана майрам күндөрү укук коргоо органдары үй-бүлөлүк чыр-чатактардын көбөйүшүн каттап, алардын айрымдары укук бузууларга жана кылмыштуулукка алып келелт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги оор кесепеттердин көбү-денеге залал келтирүү, коркутуу, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары-дал ушул үй-бүлөлүк чыр-чатактардын, спирт ичимдиктерин ичүүнүн жана өзүн-өзү башкара албай калуунун фонунда жасалаарына көңүлүңүздөрдү бурат.
Милиция кызматкерлери бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти бузууга жана үй-бүлөлүк-тиричилик чыр-чатактарына байланыштуу бардык билдирүүлөргө ыкчам түрдө жооп кайтарышат. Жарандардын ар бир кайрылуусу милдеттүү түрдө текшерүүгө алынып, укуктук баа берилет.
Эстен чыгарбоо керек:
Милиция аялдарга, балдарга жана улгайган жарандарга карата зомбулук фактыларына өзгөчө көңүл бурат. Ар бир мындай билдирүү принципиалдуу түрдө каралып, ыкчам аракеттенүү чаралары дароо көрүлөт.
Чыр-чатактуу кырдаал келип чыкканда өмүргө жана ден-соолукка коркунуч жаралса дароо 102 номуру аркылуу ички иштер органдарына кайрылуу зарыл. Милиция жарандарды коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу үчүн мыйзамда каралган бардык чараларды көрөт.
Мыйзамды сактоо жана жакындарын урматтоо — коомдук жана жеке коопсуздуктун негизи.