Президент Садыр Жапаров Жаңы жылдык каникулдарын кайда өткөрөт?

11:16, 31 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров Жаңы жылдык каникулдарын Кыргызстанда өткөрөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы майрамды үй-бүлөсү менен белгилейт.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен тынымсыз байланышта болот.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы 1-январдан 12-январга чейин Жаңы жылдык каникулдарда болот.