Бишкекте каналга агып кеткендердин дагы биринин сөөгү табылды

11:03, 31 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Свердлов районунда жылуулук электр станциясынын (ЖЭБ) түтүгүнө кулап, мурда дайынсыз жоголгон дагы бир адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 30-декабрда үч эркек киши жылуулук электр станциясынын (ЖЭБ) түтүгүнө кулап түшкөн. Алардын биринин сөөгү ошол эле күнү табылган. Учурда калгандарын 150гө чейин адам издеп жатат.

Табылган сөөк Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Дайынсыз жоголгон үчүнчү адамды издөө уланууда.