10:05, 31 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын делегациясы Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарына болгон иш сапарынын алкагында ажылыкка байланыштуу маанилүү мекемелер менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу башкармалыктан билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач делегация Saudi German Hospital — Makkah медициналык мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуп, анда зыяратчыларга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар, алдын ала текшерүүлөр жана расмий медициналык документтерди даярдоо процесстери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү.