00:01, 01 января 2026, Бишкек - 24.kg
Айланада майрамдык чырактар жанып, Ала-Тоо чокулары жомоктогудай кышкы айдын астында жаркырап турганда, биз очогубузда жайлуулукту жана жакындарыбыздын жылуулугун сезебиз. 2025-жыл Бизге — бизди бириктирген көптөгөн көз ирмемдерди тартуулады. Бүгүн — бул жолду, биз менен бирге басып өткөнүңүз үчүн сизге жөн гана ыраазычылык билдиргибиз келет!
Биз үчүн сиз жөн гана аудитория эмессиз. Сиздер күн сайын заманбап Кыргызстандын тарыхын калыптандырып келесиңер. Сиздин мекениизди канчалык сүйөрүңүздү, үй-бүлөңүзгө кандай кам көрөрүңүздү жана эң жакшы нерсеге чын жүрөктөн ишенериңизди билебиз. Редакциялык жамаатыбызды эң оор жумуш күндөрүндө да жылыткан нерсе — бул сиздин ишенимиңиз!
Бул жылы биз Кыргызстандагы ар бир үйгө — аппак карлуу Нарындан, күнөстүү Баткенге чейин тынчтык жана ынтымак каалайбыз!
Бай, бакубат дасторкондун айланасында жакындарыңызды чогултуп, балдардын күлкүсү дайыма жаңырып турсун!
Жүрөгүңүздөр тынчтыкка толсун жана ар бир жаңы күн сизге келечекке ишеним тартууласын. Биз 2026-жылы сиздер менен жашообуздагы эң маанилүү, боорукер жана шыктандыруучу окуялар менен бөлүшүүгө убада беребиз.
Бири-бириңерге кам көрүңүздөр, жылуулук тартуулаңыздар жана кереметтерге ишениңиздер!
Терең урматтоо менен 24.kg жамааты.