08:00, 31 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Жаңы жыл түнүндө Бишкектеги коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү саат 02:00 — 03:00гө чейин каттайт.
Каттамдарга жалпысынан 300дөн ашык автобус чыгат.
Бул чечим борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.