«Манас» эпосунун башкы каармандарынын ысымдарын пайдалануу тартиби бекитилди

15:31, 30 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети «Манас» эпосунун башкы каармандарынын ысымдарын пайдалануу тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документтин максаты «Манас» эпосунун башкы каармандарынын ысымдарын жана алардан түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында пайдалануунун укуктук тартибин белгилөө, ошондой эле аларды туура, жоопкерчиликтүү жана моралдык нормаларга ылайык пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.

Үчилтиктин башкы каармандарына Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Кошой, Алмамбет, Каныкей, Айчүрөк, Чубак, Сыргак, Күлчоро, Акбалта, Ажыбай кирет.

 Токтомдун негизги милдеттери болуп каармандардын ысымдарын пайдаланууга жол берилүүчү шарттарды жана чектөөлөрдү аныктоо, ошондой эле ысымдарды этикалык, моралдык талаптарга жана мамлекеттик тилдин талаптарына ылайык пайдаланууну камсыз кылуу саналат.