14:05, 30 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Салык кызматынын кызматкерлери рейд учурунда Бишкекте жасалма алкоголдук ичимдиктерди чыгарган жер астындагы цехти аныкташты. Мекеменин маалыматы боюнча, мыйзамсыз жай Арча-Бешик турак жай аймагында жайгашкан.
Салык кызматынын кызматкерлери салыктык көзөмөл боюнча рейддик иш-чаралар алкагында аталган конушта жайгашкан цехтен 122 даана жасалма алкоголдук продукция, келип чыгышы шектүү 2180 акциздик маркалар, спирттик өзгөчө жыты бар 110 литр суюктук, атайын колго жасалган жабдуулар табылган. Ошондой эле ар кандай аталыштагы алкоголдук продукциялардын этикеткалары жана айнек идиштер да аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.