№ 13 шайлоо округунда кайталап шайлоого 18,5 млн сом сарпталат

13:32, 30 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 30-декабарда Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 көп мандаттуу шайлоо округундагы кайра шайлоону өткөрүү үчүн каралган чыгымдардын сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кайра шайлоону өткөрүү кийинки жылдын 1-мартына дайындалып, аны даярдоого жана өткөрүүгө 18 миллион 507 миң сом керектелет.

Шайлоону даярдоо жана өткөрүү чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Сметада шайлоону уюштурууга жана маалыматтык жактан камсыз кылууга кетчү чыгымдар, комиссия мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле ишке тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак-аш уюштурууга суткалык төлөмдөр камтылган.

Чыгымдар төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө таянып эсептелген:

  • округдук шайлоо комиссияларынын саны — 1, мүчөлөрүнүн саны — 15 адам;
  • участкалык шайлоо комиссияларынын саны — 94, мүчөлөрүнүн саны — 965 адам;
  • шайлоо өткөрүү учурунда жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүгө тартылган операторлордун саны — 55 адам;
  • техникалык колдоо көрсөтүүчү операторлордун саны — 24 адам.