Адылбек Касымалиев Айыл чарба министрлигине 44 кызматтык унаа белек кылды
13:25, 30 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бүгүн 30-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 44 даана кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды.
Маалыматка ылайык, унаалардын жалпы баасы 92,6 миллион сомду түзгөн. Унаалар мамлекеттик каражатка сатылып алынып, министрликтин Суу ресурстары кызматы жана Балык чарба департаментине өткөрүлүп берилет.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев Айыл чарба министрлигине 44 кызматтык унаа белек кылды
«Президенттин тапшырмасы менен жылда 100дөгөн ишканалар ачылууда. Быйыл 119 ишкана ачылды. Анын ичинен 53%зы же жарымынан ашыгы айыл чарбасы жана кайра иштетүүгө байланышкан ишканалар болду. Анда 2024—2025-жылдар аралыгында жалпысынан 286 атайын техника сатып алдык. Ал эми, бүгүнкү алган унааңыздар кут болсун», — деп сөзүн жыйынтыктады Касымалиев.