15:25, 29 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алдамчылыкка шектүү адамды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, С.У.Э. аттуу жаран Кыргызстандын президенти жана УКМКнын төрагасы менен жакын үй-бүлөлүк мамилеси бар экенин шылтоо кылып, башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган
Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, шектүү жаран базар баасы болжол менен 65 миң долларын түзгөн 2022-жылы чыгарылган Toyota Tundra үлгүсүндөгү унааны жана баасы 15 миң долларга бааланган 2011-жылкы Mercedes-Benz A-class унаасын алдап өзүнө каттаткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында С.У. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.