15:03, 29 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 29-декабрда жаңы жылдык майрамдардын алдында Ала-Тоо аянтында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого тартылган өздүк курамынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Жаңы жыл түнүндө коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өлкө боюнча 12 000ден ашык милиция кызматкери тартылат.
Патрулдук кызмат башкармалыгына жаңы жылдык майрамдар учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле унааны мас абалында башкаруунун алдын алуу жана жол бербөө максатында профилактикалык жана рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана акимиаттарга адамдар көп чогулган жерлерде өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү керектиги айтылды.
Муниципалдык инспекцияга жана акимиаттарга жарандар көп чогулган жерлерде санитардык нормаларды жана эрежелерди милдеттүү түрдө сактоо, башаламан сооданы алдын алуу жана токтотуу боюнча иш-чараларды уюштуруу милдеттендирилди.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык майрамдар учурунда борбор калаанын милициясы күчөтүлгөн кызмат өтөө режимине өтөт.