13:05, 29 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Эртең, 30-декабрда саат 12:00дө Чүй проспектиси менен К.Акиев көчөсүнүн кесилишинде кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, коомдук жана мамлекеттик ишмер Төлөмүш Океевдин эстелигинин ачылыш аземи өтөт.
Бул тууралуу КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.