Эки күнгө созулган IV Элдик курултай жыйынтыкталып, резолюция кабыл алынды

16:24, 26 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте эки күнгө созулган IV Элдик курултай жыйынтыкталды.

Курултайга президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, облус башчылары катышты.

Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин маалыматы боюнча, эки күн ичинде курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, алардын кат түрүндө жана айтылган сунуш-пикирлери, президенттин сунушу IV Элдик курултайдын резолюциясында эске алынган.

Алар Элдик курултайдын катчылыгы тарабынан иш-чаралар планы катары иштелип чыккан соң, президенттин администрациясы аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, Курултайга өлкө боюнча 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган 700 делегаттын 690у катышты. Алардын ичинен 146сы аялдар, 554ү эркектер.