Көк-Жар конушундагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

16:07, 26 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Октябрь районундагы Көк-Жар конушундагы турак жай имаратындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт Нурмамбетов көчөсүндө башталган. Өрт саат 14:27де толугу менен өчүрүлдү. Өрттү өчүрүү үчүн төрт өрт өчүрүүчү бригада жана өрт өчүрүү штабы тартылды.

Фото ӨКМнын басма сөз кызматы. Көк-Жар конушундагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Өрт болжол менен 300 чарчы метрди каптады. Бактыга жараша жабыркагандар болгон жок.

Өрттүн себеби иликтенүүдө.