12:16, 26 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын Октябрь районунда Көк-Жар айылынын Нурмамбетов көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда тилсиз жоого 4 күжүрмөн эсеп, штаб тартылды. Өрт саат 11:40та чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бактыга жараша жабыркагандар жок, толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.