10:27, 26 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултайдын экинчи күнү өз ишин баштады. Курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.
Ошондой эле 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 700 делегаттын 690ну катышууда. Анын ичинен 146сы аялдар, 554ү эркектер.
Делегаттар шайланып келген аймагынын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин бийликке жеткирүүдө. Ал эми мамлекеттик органдар аларды чечүү аракетин көрүшмөкчү.
Эскерте кетсек, Элдик курултайдын биринчи күнүндө болжол менен 150 делегаттар сөз сүйлөштү. Алар унаа жолдорун оңдоо жана куруу, суу менен камсыздоо объекттерин жана социалдык мекемелерди жаңылоо, ошондой эле аймактарда жеткиликтүү турак жай куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жайыт жерлерине байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча сунуштар айтылды.