Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпиондору аныкталды. Тизме

09:38, 26 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты аяктап, жыйынтыгы чыгарылды. Чемпионаттын экинчи күнүндө 61, 70, 79, 92 жана 125 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өттү.

Фото Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпиондору аныкталды
Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй:

61 кг чейинки салмак ченинде:

Бекзат Алмаз уулу — «Олимп»-«Изабек»;

Өмүрбек Асан уулу — РСК;

Юхан Доктурбек уулу — «Ак-Илбирс»;

Азим Абдыкалыков — РСК.

70 кг чейинки салмак ченинде:

Залкарбек Табалдиев — РСК;

Рустам Кахаров — «Нефтчи»;

Адис Рахат уулу — РС;

Икрам Хажимурадов — Ош.

79 кг чейинки салмак ченинде:

Улукбек Асилбеков — «Тайманбас»-«Изабек»;

Жакшылык Байташов — РСК;

Байтемир Тулобердиев — РСК;

Кубат Азизбаев — «Тайманбас».

92 кг чейинки салмак ченинде:

Яков Чаплин — «Тайманбас»-«Изабек»;

Бекзат Рахимов — Ош;

Улукбек Сооронбеков — «Тайманбас»-«Изабек»;

Апаз Осконбаев — СКАФ.

125 кг чейинки салмак ченинде:

Арсланбек Турдубеков — РС;

Музафар Жаппуев — Кант;

Алисалам Эркин уулу — «Олимп»-«Изабек»;

Нурсултан Арапай уулу — Чүй.

Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты эки күнгө созулду. Беттештер Бишкек шаарындагы «Жаштык» аренасында өттү.