11:34, 25 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргыстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн IV Элдик Курултайда Кумтөрдүн акыркы үч жылдагы таза кирешеси 2 миллиард долларды түзгөнүн билдирди.
Анын айтымында, ишканадан 2025-жылы таза киреше 678 миллион долларды түзөт.
«Кумтөр кенин мамлекетке алганыбыздан бери көргөн пайдабыз тууралуу дайыма кеңири сөз болуп келе жатат. 2020-жылга чейин 1 миллион доллар бербеген «Кыргызалтын» быйылкы жылда 200 млн доллар киреше тапты. Ал эми «Макмал» алтын кени быйыл 670 млн сом таза кирешеге чыкты. «Кыргызалтындын» былтыр жаңы ачылган алтын дүкөнү 1 жылда 735 млн сом таза кирешеге жетишти. Мындан тышкары «Кыргызстан аба жолдору», «Кыргыз темир жолу» сыяктуу көптөгөн тармактар кирешеге иштей башташты",- деди Жапаров.