11:09, 24 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан электрондук тамекилерди импорттоого убактылуу тыюу салды. Кабыл алынган чечимге ылайык, Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасына төмөнкү товарларды импорттоого алты айга убактылуу тыюу салды:
Токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду жана расмий жарыялангандан он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Анын аткарылышын көзөмөлдөө Бажы кызматына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына жүктөлдү. Ошондой эле тыюу салынган товарларды мыйзамсыз импорттоонун алдын алуу милдети тапшырылды.