10:28, 24 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Чет өлкөгө иштегени кеткен кыргызстандыктар көп учурларда үйүнө колу бош кайтышат же жумуш издеп жүрүп эле, алдамчы-шылуундардын курмандыгы болушат. Анын себеби, көбүнчө оор жумуш шарттарына гана эмес, ошондой эле каржылык билимдин жетишсиздигине да байланыштуу болот. Статистикага ылайык, биздин жарандар КМШдагы коңшу өлкөлөргө караганда шылуундардын кайырмагына эки эсе көп кабылышат. Айрыкча калктын жарымы кирешелери менен чыгымдарын эсептеп да коюшпайт.
Көйгөйлөр эң башында эле пайда болот. Адамдар келишими жок, жашоонун реалдуу чыгымдарын эсептебестен кете беришет. Ал эми мекениндеги туугандары да, алардын маңдай тери менен тапкан акчаларын инвестиция кылуунун ордуна, акылсыздык менен учурдагы муктаждыктарга коротушат.
Улуттук банктын финансылык сабаттуулук тобунун жетекчиси Кубаныч Мусуралиев 24.kg басылмасына эмнеге мигранттарды чет өлкөгө даярданып барышы маанилүү экенин жана өкмөт акчаны башкаруу боюнча окутууну милдеттүү кылууну пландап жатканын айтып берди.
— Чет өлкөлөрдө, айрыкча Орусияда иштеген мекендештерибиздин каржылык сабаттуулугу кандай? Улуттук банктын бул маселе боюнча кандайдыр бир изилдөөлөрү же маалыматтары барбы?
— Биздин каржы сабаттуулук деңгээлибиз эл аралык баалоо ыкмаларына ылайык, эки жолу 2017чи жана 2021-жылдары өлчөнгөн.
2017-жылдагы изилдөөлөр бүтүндөй калктын каржылык сабаттуулугунун деңгээлин аныктоого багытталган. Мисалы, ошол кезде максималдуу балл 21 болсо, көрсөткүчтөр 11 балл болгон.
2021-жылдагы изилдөө КМШ өлкөлөрүндөгү аймактык каржылык сабаттуулук долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Бул изилдөөгө ар кандай статустагы каржылык сабаттуулуктун деңгээли киргизилип, айрыкча мигранттардын макамы да каралган. Анын жыйынтыгы боюнча кыргыз калкынын орточо каржылык сабаттуулугу 11,6 баллды, ал эми мигранттардыккы 11,8 баллды түзгөнү көрсөтүлгөн.
Тагыраак айтканда, бул изилдөөгө ылайык, мигранттардын каржылык сабаттуулугу жогору болгон.
Бул изилдөөлөргө таянып, биз каржылык сабаттуулугу төмөн адамдардын абалын аныктадык: Кыргызстанда бул адамдарга орто билимдүү, чакан шаарларда жана айылдарда жашагандар, аялдар жана мигрант эместер кирет.
— Эмне үчүн мигранттардын каржылык сабаттуулугу жогору болгон?
Анткени, алар көбүнчө акча агымдары жана которуулар менен иштешет. Алар акча табууну, канча үнөмдөй турганын, канча которорун билишет. Ошондуктан кантип пландаштырууну да жакшы түшүнүшөт. Себеби дайымы акча маселелерине туш болушат.
Бирок, мен дароо белгилеп кетсем, 11,8 балл анчалык жогорку балл эмес, бул орточо көрсөткүч. Каржылык сабаттуулук боюнча эң жогорку балл 16нын тегерегинде болот. Бул Германияда бар. Бирок дүйнөдөгү бир дагы өлкө каржылык сабаттуулуктун эң жогорку деңгээлине жеткен эмес.
— Мигранттардын каржылык сабаттуулугунда кандай негизги көйгөйлөрдү байкайсыз? Алар кандай каталарды кетиришет жана аларга кандай тобокелдиктер жөнүндө эскертет элеңиз?
— Ар кандай эсептөөлөр боюнча, калктын жарымы кирешелерин же чыгымдарын көзөмөлдөбөйт, эч кандай план түзбөйт. КМШ өлкөлөрү арасында алдамчылык учурлары Кыргызстанда эки эсе көп кездешет. 2021-жылдагы сурамжылоого ылайык, башка өлкөлөрдө респонденттердин орточо 4 пайызы алдамчылыкка кабылганын айтышса, Кыргызстандагы бул көрсөткүч 8 пайызга жеткен. Бул мигранттарга да тиешелүү, анткени алар жумуш издеп жүргөндө эле, шылуундардын колуна көп түшөт.
Биз мигранттар мекенине кайтып келгенден кийин туш болгон көйгөйлөр боюнча статистиканы карап чыктык. Сурамжылоодо айрым мигранттар жумуш таба албагандыктан же аз айлык акы сунушталгандыктан кайтып келишкенин айтышкан. Бул айрым мигранттар жөн гана чет өлкөгө жумуш табуу үмүтү менен кетишет дегенди билдирет. Бирок алар бул жерде жүргөндө келишимге кол коюп, бардык шарттарды талкуулап, канча акча табаарын, кайда жашай турганын, чыгымдары канча болорун жана канча акча үнөмдөй аларын билүү туура болмок. Башкача айтканда, алар кетип жатканда даяр болушу керек.
Бирок, азыр кырдаал жакшырып баратат. Анткени көптөгөн ресурстар бар — миграция боюнча колдонмолор, кетүүгө чейинки даярдык үчүн атайын веб-сайттар менен маалыматтык жана билим берүү кампанияларын жүргүзгөн Эмгек министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору иштеп жатат. Бул маалымат жеткиликтүү болуп баратканын билдирет.
— Улуттук банк калктын арасында каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча активдүү иштеп жатат. Сиздерде эмгек мигранттарына багытталган долбоорлор барбы?
— Улуттук банк 2016-2020-жылдарда каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча биринчи мамлекеттик программаны ишке ашырган. Жалпысынан алганда, программа бүтүндөй калкка, айрыкча аймактарга багытталган. Себеби мигранттардын көпчүлүгү аймактардан келгендиктен, биз мигранттарды да коштук.
Улуттук банк көптөгөн мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана стратегияларды ишке ашырууга катышып жатат. Мисалы, 2021-жылы мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн арасында каржылык сабаттуулукту жогорулатуу чараларын камтыган миграциялык саясаттын концепциясы кабыл алынган. Улуттук банк Эмгек министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте материалдарды даярдап, өз кезегинде чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларына жөнөтүп, маалыматтын мигранттарыбызга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жетишин камсыз кылган.
Мындан тышкары, биз Эмгек министрлигинин кызматкерлеринин арасында каржылык сабаттуулук боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында семинарларды өткөрдүк. Себеби алар мигранттар менен түздөн-түз иштешет.
2023-жылдан бери Улуттук банк Эл аралык миграция уюму (МОМ) менен активдүү кызматташып келет жана алар учурда эки долбоорду ишке ашырып жатышат. Алар эмгек миграциясы программасы жана Улуу Британияга сезондук жумушка кетип жаткандар үчүн коопсуз миграция болуп саналат. Бул долбоорлордун алкагында биз Ош жана Бишкек шаарларына чет өлкөгө кетип жаткан мигранттар үчүн окуу- тренингдерин өткөрдүк.
Учурда Эл аралык миграция уюму менен биргеликте мигранттар үчүн каржылык сабаттуулук боюнча окутуу модулу иштелип чыгууда. Ал жылдын аягына чейин даярдалат. Биз аны жеке жумушка орноштуруу агенттиктери, Жарандарды жумушка орноштуруу борбору жана Эмгек министрлиги менен алдын ала тесттен өткөрдүк. Чет өлкөдө жумушка орношууну каалаган өлкөбүздүн ар бир жараны каржылык сабаттуулук боюнча милдеттүү түрдө маалыматтарды алышат.
Өткөн жылдан бери Борбордук Азияда Prime долбоорун ишке ашырып жаткан БУУнун Айыл чарбасын өнүктүрүү агенттиги менен кызматташып келе жатабыз. Ал мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрүнүн каржылык сабаттуулугун жогорулатуу багытын камтыган акча которуу экосистемасын жакшыртууга арналган. Анын максаты — акча каражаттарын керексиз нерселерге коротуунун ордуна, көбүрөөк үнөмдөөгө жана инвестициялоого үндөө болуп саналат.
— Кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү Орусияда иштешет. Сиздер орусиялык мекемелер менен кызматташасыздарбы же ал жактагы мигранттар үчүн атайын семинарлар өткөрүлөбү?
— Улуттук банкта каржылык сабаттуулук боюнча окутуучу, адистер бар. Алар мезгил-мезгили менен Орусияга барып, мекендештерибиз үчүн каржылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүшөт. Мындан тышкары, биз көп учурда ал жакка бара албагандыктан, онлайн семинарларды өткөрөбүз.
Орусия тарап дагы каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрөт жана биздин мигранттар да бул иш-чараларга катыша алышат.
— Улуттук банктын мигранттардын, айрыкча Орусиядагы жарандардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча алдыдагы жылдарга, айталы, 5 жылга стратегиясы барбы? Анткени ал жерде кыргызстандыктар көп эмеспи?
— Биз мигранттардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ишти улантууну көздөйбүз. Алдыдагы жылдары биз калктын арасында каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы стратегияны иштеп чыгууну пландап жатабыз жана мигранттар жөнүндө өзүнчө бөлүм киргизебиз.
Мындан тышкары, быйыл Эл аралык миграция уюмунун башкы катчысы Эми Поуп Кыргызстанга келди. Ал Министрлер кабинетинин төрагасы менен болгон жолугушууда чет өлкөгө кетүүгө чейинки окутуу борборун жана кайтып келген жарандар үчүн реинтеграция борборун түзөрүн жарыялады.
Менимче, бул натыйжалуу курал болот, анткени мигранттар жаңы, пайдалуу, практикалык билим алууга кызыктар жана бул алардын ишине жана кирешелерин туура пайдаланууга таасирин тийгизет.
Албетте, биз өзүбүздүн каналдарыбыз — веб-сайтыбыз жана социалдык тармактар аркылуу үзгүлтүксүз маалымат берүүнү улантабыз. Ал жерде мигранттар үчүн каржылык сабаттуулук боюнча өзүнчө окутуу модулун түзүүнү пландап жатабыз.