08:30, 24 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, иш-чаралар 24-25-декабрда райондордо уюштурулат.
24-декабрь:
* Ленин району — Чүй проспектиси, 168а, саат 10:00,
* Биринчи май району — Чүй проспектиси, 168а, саат 14:00.
25-декабрь:
Октябрь району — акимчиликтин жыйындар залы, саат 10:00,
Свердлов району — Үсөнбаев көчөсү, 200/1, саат 14:00.
Катышуу үчүн шаар тургундары 23-декабрда саат 18:00гө чейин төмөнкү номерлерге алдын ала катталуу керек:
* Ленин району: 0503 10 22 06, 0312 65 69 03
* Биринчи май району: 0559 71 99 99
* Октябрь району: 0999 66 68 45, 0509 68 88 70, 0312 57 61 57
* Свердлов району: 0550 15 06 61, 0312 36 03 10.