08:00, 24 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
24-26-декабрда Бишкек шаарындагы «Газпром» балдардын дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде оор атлетика боюнча эл аралык турнир башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарында Каныбек Осмоналиевдин жеңишинин 45 жылдыгын белгилөөгө арналат.
Турнир төмөнкү салмак категорияларында өткөрүлөт:
Эркектер арасында: 60 кг, 65 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 94 кг, 110 кг, +110 кг.
Кыз-келиндер арасында: 48 кг, 53 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 77 кг, 86 кг, +86 кг.
Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.