16:27, 23 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Жогорку Кеңеш 2025-жылга карата бюджетке жана 2026-2027-жылдарга карата бюджеттин долбооруна өзгөртүүлөрдү үч окууда бекитти. Бул тууралуу парламенттик комитеттердин биргелешкен жыйынында жарыяланды.
Түзөтүүлөрдү талкуулоого төрага Адылбек Касымалиев баштаган министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.
Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытовдун өтүнүчү боюнча депутаттар республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү үч окууда колдошту.
2026-жылы жалпы кирешелер 551 миллиард 207 миллион 156 миң сом, жалпы чыгымдар 550 миллиард 770 миллион 757 миң сом, профицит 436 миллион 398 миң сом болот деп болжолдонууда.
2027-жылы жалпы кирешелер 593 миллиард 80 миллион 265 миң сом, жалпы чыгымдар 552 миллиард 416 миллион 622 миң сом, профицит 40 миллиард 663 миллион 642 миң сом болот деп болжолдонууда.