12:24, 23 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 23-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп Шүкүр ажы Исмаилов дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол койду.
Шүкүр Исмаилов 1973-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Жогорку билимин юриспруденция жана араб тили боюнча алган. Ошондой эле ислам укугу жана Кыргызстандагы ислам тарыхы багытында илимий даражалары бар. Диний билимин Кара-Балтадагы Хазрети Осмон атындагы Ислам институтунда жана Восточное айылындагы Аннамузажийя медресесинде алган.
Ал диний жана билим берүү мекемелеринде иштөө боюнча чоң тажрыйбага ээ:
Муфтият Шүкүр ажы Исмаилов көп жылдар бою ислам билим берүү системасында иштеп, дин кызматкерлеринин арасында кадыр-баркка ээ экенин белгилейт.