10:05, 23 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бүгүн саат 09:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык жана каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда, Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн буркөк, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Ошондой эле Каракол — Эӊилчек унаа жолунун 38-112 чакырымына убактылуу киргизилген чектөө алынды, жолду кардан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери тынымсыз жүрүүдө.
Нарын — Актал-Чат — Казарман унаа жолунун 72—94-чакырымындагы Кара-Гөө ашуусуна жана 42-44-чакырымындагы Ийри-Суу участогу түшкөн кар көчкүнүн натыйжасында жана кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан 12-декабрдан тартып жеңил жана оор жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилген чектөө алына элек.
«Айдоочуларга кышкы жол шарттарын эске алып, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.