Салык кызматы акциздик салыктар аркылуу бюджетти 19,5 миллиард сомго көбөйттү

17:11, 22 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

2025-жылдын 11 айында өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алып келинген товарлардан бюджетке 19 млрд 493,06 млн сом акциз салыгы камсыз болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салыкты чогултуу боюнча көрсөткүчтөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 1,7 млн сомго же 17,3%га көбөйгөн.

Кыргызстанда өндүрүлгөн акциздик продукциядан 2025-жылдын январь-ноябрь айларында 4 млрд 826,3 млн сом акциз салыгы келип түштү. Анын ичинде:

  • алкоголдук продукциядан 3 млрд 448,3 млн сом;
  • алкоголсуз суусундуктардан 1 млрд 297 млн сом;
  • мунайзаттан 70 млн сом;
  • тамеки продукциясынан 8,2 млн сом түшкөн.

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген акциздик продукциялардан 14 млрд 666,8 млн сом салык чогултулган. Анын ичинде: тамеки продукциясынан 9 млрд 111,7 млн сом, мунайзаттан 3 млрд 670,9 млн сом, алкоголдук продукциядан 653,7 млн сом жана алкоголсуз суусундуктардан 749,2 млн сом жыйналган.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

Ошондой эле «Товарларды маркалоо» маалыматтык системасында тамеки продукциясынын 12 импорттоочусу, 34 өндүрүүчү жана алкоголдук продукциянын 96 импорттоочусу катталган жана маркалоо кодун алышат.

2025-жылдын 11 айында 223,7 млн маркалоо коддору берилген. Алардын ичинен тамеки продукциясына — 157,2 млн код, алкоголдук продукцияга — 42,6 млн код, жеңил өнөр жай продукциясына — 23,7 млн код, бут кийимге — 167,9 миң код жана парфюмерияга — 3,3 миң код тапшырылган.