23-декабрда күтүлгөн аба ырайы

17:30, 22 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 23-декабрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн −5...-10 күндүз −3...+2

Таласта түнкүсүн −6...-11 күндүз −1...+4

Баткенде түнкүсүн 0...-5 күндүз 0...+5

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5 күндүз 0...+5

Ысык-Көлдө түнкүсүн −1...-6 күндүз −1...+4

Нарында түнкүсүн −8...-13 күндүз +1...-6

Бишкекте түнкүсүн −6...-8°, күндүз 0...+2° болот.