Кыргызстандык ажылардын биринчи каттамы 2026-жылдын 11-майында аткарылат

12:38, 22 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык ажылар 2026-жылдын 11-майынан тарта Сауд Араб Падышалыгына уча башташы мерчемделүүдө. Бул тууралуу ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, Сауд Араб Падышалыгы 2026-жылдагы ажылык үчүн быйылкы жылдагыдай эле 6060 квота бөлгөн. Алдыдагы ажылыктын айырмасы, медициналык талаптар күчөтүлдү жана курмандык чалуу баасы жалпы чыгымдардын сметасында камтылат.

Учурда ажылык иштери уланып, зыяратчылардын документтерин визага даярдоо процесси кызуу жүрүп жатат. Анткени Саудиянын ажылык министрлигине караштуу «Масар электроник» (Нусук) базасында визага мүмкүнчүлүк мөөнөтүнөн эрте берилет.

Айта кетсек, Бишкектен учкан ажылар Жиддага, ал эми Оштон учкандар Медина шаарына конмокчу.

Фото Мусулмандардын дин башкармалыгы

Сауд Араб Падышалыгынын зыяратчыларга койгон медициналык талаптар кайсылар:

  • Гемодиализ алып жаткан бейтаптар.
  • Минималдуу кыймыл-аракетке тоскоол кылуучу жүрөк ооруулары.
  • Кычкылтек маскасын мезгил-мезгили менен же туруктуу колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорулары.
  • Боордун прогрессивдүү цирроз оорусу менен ооруган бейтаптар.
  • Аң-сезимге тоскоол болгон оор нерв жана психикалык оорулар, ошондой эле өз алдынча кыймыл-аракет жасоого (отурууга, турууга, басууга) тоскол болгон таяныч-кыймыл аппаратынын оор оорулары.
  • Кем акылдуулук менен коштолгон карылык курагы.
  • Жугуштуу инфекциялык оорулар (мисалы; ачык өпкө кургак учугу ж.б.у.с. оорулар).
  • Химиотерапия алып жаткан рак ооруусунун бейтаптары.
  • Кооптуулук коштолгон кош бойлуулар.

Уюштуруучулар келечектеги зыяратчыларды медициналык талаптарга кылдат көңүл буруп, зарыл болгон текшерүүлөрдөн өз убагында өтүүгө чакырышат.