10:04, 22 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
2025-жылы Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө 600дөн ашык жаңы кызматтык унаа тапшырылган. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ички иштер органдарын заманбап технологиялар менен жабдуу боюнча маанилүү кадамдар жасалды. Бул милициянын материалдык-техникалык ресурстарын жаңы деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берди.
Унаалардын катарында JAC, JEEP, BMW, Lexus, Toyota, Chevrolet Cobalt, Hyundai, KIA, Changan, Lixiang, «ГАЗ Соболь», «Лада Нива Легенда» сыяктуу дүйнөлүк жана ата-мекендик бренддердеги унаалар, ошондой эле күжүрмөн техникалар, мотоциклдер бар.
Мындан тышкары, жайкы туристтик сезондо, кыргыз жарандарынын жана чет элдик коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, Ысык-Көл облусунун милициясынын туризм жана айлана-чөйрөнү коргоо батальонуна заманбап жабдуулар берилди. Анын ичинде ата мекендик өндүрүштөгү бардык жерде жүрүүчү унаалар, квадроциклдер, микроавтобустар, атайын чиркегичтери бар ачык жана жабык суу транспорту жана скутерлер бар болчу.
Белгиленгендей, бардык транспорт каражаттары ИИМдин борбордук бөлүктөрүнө жана аймактардагы ички иштер органдарына ырааттуу түрдө бөлүштүрүлдү.