16:12, 19 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында, 20-21-декабрь күндөрү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда.
Жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.
Жарманкенин негизги максаты — баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
Жарманкенин өтүү жайлары:
Турдакун Усубалиев атындагы аянт;
Исхак Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде;
Эркиндик бульварында;
Катышуучунун талаптары:
Азык-түлүктөр жогорку сапатта болушу жана санитардык-гигиеналык стандарттарга жооп бериши керек;
Баалар базар баасынан төмөн болушу керек;
Райондук айыл чарба департаментинен тастыктоо каты талап кылынат.
Кошумча маалымат жана суроолор: