Ош облусунда коррупцияга шектелип дагы алты мамлекеттик кызматкер кармалды

16:05, 19 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Ош облусунда Араван районундагы Кең-Сай комплексиндеги жерлерди кайра иштетүүгө байланыштуу коррупцияга шектелип, мурдагы жана азыркы дагы алты мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, кылмыш иликтөө иштеринин алкагында төмөнкүлөр кармалган:

  • Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн мурдагы жер адиси, 1971-жылы туулган К.Ш.
  • Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, 1955-жылы туулган А.А.
  • Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысынын мурдагы убактылуу милдетин аткаруучу, 1961-жылы туулган С.А.
  • Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы, 1984-жылы туулган Ш.А.
  • Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын ИЖС техниги, 1979-жылы туулган М.З.
  •  Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысынын мурдагы убактылуу милдетин аткаруучу, азыркы учурда ошол эле мекеменин бөлүм башчысы, 1984-жылы туулган Х.А.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) негизинде кылмыш иш козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, ушул эле кылмыш иши боюнча буга чейин 5 мурдагы мамлекеттик кызматкер кармалган.

Учурда Араван РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары уланууда.