Бишкекте № 2 жаңы электробус каттамы ишке кирди

11:09, 19 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Фото

Бишкек шаарында ушул эле номердеги троллейбус каттамынын ордуна № 2 жаңы электробус каттамы иштей баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-декабрдан баштап жаңы электр автобустары мурда троллейбустар тейлеген каттам боюнча иштей баштайт.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

№ 2 маршрут Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна (Интергельпо көчөсү) чейин жүрөт.