09:15, 19 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
2026-жылы Кыргызстанда айлык акыны олуттуу түрдө көтөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик телеканалдарга берген маегинде билдирди.
Ал белгилегендей, маяналар 50 пайызга чейин жогорулайт.
«Эмки 2026-жылга чоң пландарды койдук. Айлык акылар эки этап менен көбөйтүлөт. Биринчи этаптан баштап мугалим, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгын 50 пайыздан кем эмес көтөрөбүз. Экинчи этабында 1-сентябрдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын 50 пайызга чейин көбөйтөбүз. Буларга жылдык эсептөөлөр менен 57 млрд сомго жакын кошумча каражат керектелет. 1-апрель менен 1-сентябрда маянаны көтөрүп жаткандыктан, 39 млрд сом кошумча каражат эмки жылдын бюджетине киргизилди. Бул багытта дагы иштерди алып барабыз. Эң башкысы экономикабыз өсүп, бюджетке кошумча акча каражаты түшүп турса, биз айлыктарды дайыма көтөрүп турабыз», — деп белгиледи Касымалиев.