Айпери Медет кызы 2025-жылды UWW рейтингинде биринчи орунда аяктады

08:00, 19 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) 2025-жылдагы негизги жана рейтингдик турнирлердин жыйынтыктарын чыгарып, ар бир салмак категориясындагы лидерлерди аныктады. Бул тууралуу WRESTRUS.RU сайты жазып чыкты.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 2025-жылды UWW рейтингинде 76 килограмм салмак категориясында биринчи орунда аяктап, эң мыктылардын тизмесине кирди.

Ар бир лидер 5000 швейцариялык франк (болжол менен 550 000 кыргыз сому) сыйлык катары алат.