Бишкекте № 195 автобус каттамынын кыймылы өзгөрөт

13:40, 18 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 19-декабрдан тартып № 195 автобус каттамынын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чечим айрым көчөлөрдө жашаган азиз жана көрүүсү начар жарандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Аталган тургундар үчүн коомдук транспортко жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү шарттарын түзүү негизги максат болуп саналат.