Тумандан улам «Манас» аэропортуна келе жаткан 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү

10:47, 18 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-декабрга карата таң эрте «Манас» аэропортуна келе жаткан 15 учак тумандан улам башка шаарларга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 учак Ысык-Көл эл аралык аэропортуна, 3 учак Ташкентке, бешөө Алматыга жөнөтүлгөн.

«Болжол менен 08:30дарга карата абал турукташып, учурда учуп-конуу үчүн аэропорт толук ачылды. Башка шаарларга жөнөтүлгөн каттамдар Бишкекке кайтууда», — деп билдиришти аэропорттон.