Кыргызстан менен Ооганстан ортосунда 157 млн долларлык келишимдерге кол коюлду

10:26, 18 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Кабулда өткөн кыргыз-ооган бизнес форумунун жыйынтыгында 157 миллион долларлык товарларды жана кызматтарды жеткирүү боюнча 11 өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Ооганстанга көрсөтүлгөн суммадагы товарларды жана кызматтарды жеткирет.

Келишимдер телекоммуникациялык жабдуулар, цемент, бут кийим, дары-дармектер, бал, логистикалык кызматтар жана айыл чарба продукциялары сыяктуу тармактарды камтыйт.

Мурда Кабулда Кыргыз Республикасынын Соода үйү ачылганы кабарланган.