Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
16:06, 17 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Ага парламенттин жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 87 депутаттын ичинен 84 депутат «макул», 3 депутат «каршы» добуш берди. Ал VIII чакырылыштын биринчи сессиясында шайланды. Эске сала кетсек, Тургунбек уулу мурунку чакырылыштын төрагасы болуп иштеген.
Фото
Тургунбек уулу 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. Жогорку билимдүү. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1996-1997-жылдары «Обон» гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактор;
1997-1999-жылдары «Учкун» гезитинин башкы редактору;
1999-2004-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;
2004-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы;
2005-2006-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору;
2006-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы;
2009-2010-жылдары «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору;
2010-2011-жылдары маданият жана маалымат министри;
2017-2021-жылдары «2 канал» (New TV) жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
2021-жылы № 17 Аксы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
2022-жылдын 29-мартында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жетекчиси, 5-октябрында парламенттин төрагасы болуп шайланган.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
КМШнын Аткаруу комитетинин Ардак грамотасы, ШКУнун мааракелик медалы жана башка бир катар мекемелик сыйлыктар менен сыйланган. Ошондой эле Казакстан Республикасынын II даражадагы «Достук» орденинин ээси.