Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

14:07, 17 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн 13: 00дөн тарта Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.