УКМК уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектүү ишкерди кармады

12:06, 17 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

УКМК уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого катышкан адамдарды аныктоону улантууда. Бул аракеттердин алкагында уюшкан кылмыштуу тобун системалуу түрдө каржылаган деп шектелген ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Фото УКМК басма сөз кызматы

Маалыматка ылайык, С.К.К. аттуу жаран Ош облусунда өз таасирин арттыруу максатында криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышта болгон. Ал маркум Камчы Асанбек (Көлбаев) жана Кадыр Досоновду туруктуу негизде каржылап, аларга ай сайын акча которуп турганы аныкталды.

Алардын колдоосу менен С.К.К. күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргызстанга аткезчилик жол менен алып өтүүнүн туруктуу схемасын түзгөн.

УКМК басма сөз кызматы. УКМК уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектүү ишкерди кармады
Жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында ишкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуу ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.