11:20, 17 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
ПСЖнын башкы машыктыруучусу Луис Энрике ФИФАнын 2025-жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылды. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жарыяланды.
Испаниялык машыктыруучу менен бирге бул сыйлыкка көрсөтүлгөн башка талапкерлердин арасында Ханс-Дитер Флик (Барселона), Энцо Мареска (Челси), Микель Артета (Арсенал), Арне Слот (Ливерпуль), Роберто Мартинес (Португалия) жана Хавьер Агирре (Мексика) бар.